Аламүдүн районунда 14-июль күнү Ала-Арча суу сактагычына 67 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин
Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары
тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп
беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн