Баш оона 21, 2025
Убакыт: 23:38
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денеси табылды

07.06.2020 11:38
1116
Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денеси табылды


Куткаруучулар Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денесин алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү саат 14:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы Ала-Арча жаратылыш паркында Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМдин 112-кызматына маалымат түшкөн.


Куткаруучулар саат 15:30дар чамасында Ала-Арча суусунан каза болгон аял кишинин жансыз денесин алып чыгып, райондук ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн