Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Ала-Бука” коому Жуковский аэропортундагы мекендештерге ысык тамак жеткирди (фото)

23.03.2020 16:19
640
“Ала-Бука” коому Жуковский аэропортундагы мекендештерге ысык тамак жеткирди (фото)


Москва шаарындагы Жуковский аэропортунда кармалып калган кыргызстандыктарга “Ала-Бука” коому ысык тамак, суу жеткирип кабар алды. Бул тууралуу аталган фонддун мүчөсү Асель Айтматова кабарлады. Анын айтымында, оор кырдаал жаралган убакта бири-бирибизге жөлөк болуп, ынтымак менен дайыма "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу" кыргыздын салты.


“Ааламды каптап келе жаткан, жалпы адамзаттын башына кайгы салган илдетке байланыштуу Мекенге учуп кете албай өздөрүнүн учуу убактысын күтүп жаткан Жуковский аэропортундагы мекендештерге эл катары биздин Москва шаарындагы “Ала-Бука” коому да кол сунду. Жетекчибиз Болот Ташболотовдун демилгеси менен активисттер чогуу аракет кылып, 100 порция ысык тамак наны менен, 100 литр таза суу жеткирип кабар алып келдик. Питерден автобус менен келчү мекендештерибизди 6 саат күтүп, аларды да тамактандырып ак жол тилеп узаттык”, - дейт ал.


 Ошондой эле А.Айтматова жолго чыккандар арасында аялдар, жаш балдар басымдуу экенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн