Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара менен кармалды

14.06.2023 11:30
791
Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара менен кармалды


Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында А.А. аттуу тергөөчү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Акча каражаттары анын автоунаасынан табылган. Тергөөчү арыз ээсинен сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселени оң жагына чечип берем деп пара талап кылган.

Тергөөчү Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн