Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ала-Бука районунда 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

24.08.2023 17:50
602
Ала-Бука районунда 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди


Бүгүн, 24-августта Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 90 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков, айылдын коноктору жана тургундары катышты.

Балдар бакчасынын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн 400 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2,5 млн сом бөлүнгөн.

Балдар бакчасы заманбап болуп, бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн