Бугу 08, 2024
Убакыт: 21:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ала-Бука районунда ири соода-логистикалык борбор курула баштады

21.06.2021 20:20
1948
Ала-Бука районунда ири соода-логистикалык борбор курула баштады

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында “Бай-Талаа” ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды. Ал буга чейин Өзбекистан Республикасынын Наманган облусу менен Кыргызстандын Жалал-Абад облустарынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жол картасынын алкагында ишке ашууда. 


Аталган соода логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өлкүлү Абсаттар Сыргабаев, Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундар катышты.


Өкүл бул кадамдар өлкө башчыларынын жолугушуусундагы демилгелерди ишке ашыруу, эки элдин ынтымагын бекемдөө, жашоо турмушун жакшыртуу менен ишкердити колдоо багытындагы аракеттер экенин баса белгиледи. 


Ала-Бука районунун Баястан айылындагы “Бай-Талаа” соода логистикалык борбору Наманган облусунун Кара-Суу айылына жакын болгон чек ара аймагында жайгашып, жалпы аянты 20 гектар жерди ээлейт. Анда эки областта өндүрүлгөн айыл чарба, эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу, тери менен жүндү кайра иштетүү жана башка бир канча багыттар боюнча иш алып барылат. 


Мекеменин курулушу аяктаса анда эки миңдей жумушчу орун түзүлөт. Азыркы учурда борборго керектелүүчү коммуникациялык иштер бүткөрүлүп, 75 метр тереңдиктен суу чагырылган. Долбоордун биринчи этабын ушул жылдын сентаябрь айына бүткөрүү пландалып, ал Жалал-Абаддагы "Кыргыз Эко Экспорт" жоопкерчилиги чектелген коому менен Наманган облусунун жеке ишкерлеринин биргелешкен каржылоосунда жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асан
Абдан жакшы элге иш болот