Бугу 08, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында жаңы мектеп колдонууга берилди (фото)

21.06.2021 13:07
1869
Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында жаңы мектеп колдонууга берилди (фото)


19-июнда Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 225 орундуу жаңы мектептин имаратынын ачылуу аземи болду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.

Мектеп имаратын ачуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков, район акими Нурбек Сатаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мааылматка ылайык, Кызыл-Ата айыландагы №6 Ы.Чаңгылов атындагы орто мектебинин окуучулары буга чейин бала бакчага ылайыкташтырып курулуп, эскилиги жеткен имаратта билим алып келишкен. Заманбап типтүү мектепте бардык шарттар каралган. Эми жаңы окуу жылынан тарта балдар кошумча ийримдерди да үйрөнө алышат. Курулуш Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 69 миллион сом каражат сарпталган.

"Ала-Бука аймагында жалпы 45 мектеп болсо анын 6сы авариялык абалда. Учурда райондо дагы үч мектептин курулушу жүрүп, сентябрь айына 1 мектепти бүтүрүү пландалган. Алар райондун өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджеттен жана гранттардын эсебинен каржыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн