Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:39
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

08.10.2024 10:52
500
Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды


Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жана Эсептөө палатасы тарабынан Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүчү органдар (Эсептөө палатасы) тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринин коркутуп-үркүтүү жолу менен мыйзамсыз акча чогултуу системасын уюштурушкандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн