Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ала-Букада 82 жаштагы каза болгон адам коронавируска кабылган эмес

28.03.2020 14:32
837
Ала-Букада 82 жаштагы каза болгон адам коронавируска кабылган эмес


Ала-Бука районунунда кечээ түнү 82 жаштагы адамдын каза болгону чын, бирок бул жарандын коронавируска тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.


Анын айтымында, бул жаран коронавируска шектелип 17-мартта ооруканага жаткырылган. 19-мартта анализ алынып, 20-мартта Ош шаарынан коронавирус жок деген жыйынтык чыккан.


“Бирок ошого карабай анын эски оорулары козголуп, оорлошуп кеткен. Мындан улам Бишкек шаарынан атайын бригада жиберилип, аракет кылышты. Тилекке каршы кечээ түнү кайтыш болуп калды”, - деди Касымбек Мамбетов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн