Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы алтын кен ишканасынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн, 19-октябрда саат 10:15те келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Чаткал районунан эки өрт өчүрүү тобу жөнөтүлгөн. Мындан тышкары Чаткал районунун өрт өчүрүү тобу да тартылган. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн