Бугу 08, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ала-Букада коронавируска каршы күрөшкөн ыктыярчы дарыгерлер сыйланды (видео)

11.05.2020 10:44
854
Ала-Букада коронавируска каршы күрөшкөн ыктыярчы дарыгерлер сыйланды (видео)


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан барган ыктыярчы дарыгерлер сыйланды.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, район акими Эмилбек Абдыкадыров башында турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Бишкек шаарынан барган дарыгерлерге ыраазычылык билдиришти.


Ыраазычылык кат жана сувенир белектер менен И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Медициналык-профилактикалык иш бөлүмүнүн деканы А.Т.Эрбаев, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнүн реаниматологу К.Кеңеш ууулу жана жугуштуу оорулар кафедрасынын ассистенти А.А.Жангазиева сыйланды.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн