Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ала-Букада маркумдун тажыясына 10го жетпеген киши катышты

31.03.2020 16:14
2931
Ала-Букада маркумдун тажыясына 10го жетпеген киши катышты

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунундагы ооруканадан каза тапкан 82 жаштагы байбиченин тажыясына онго жетпеген киши катышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, маркумду жерге берүү зыйнатына жакын туугандары гана катышкан. Ал өлкө аймагында жарыяланган карантинге жана көп кишинин катышуусуна чектөө салынганына байланыштуу түшүндүрүү иштеринин алкагында ишке ашкан.


“Жакында эле ооруканадан көз жумган 82 жаштагы байбиченин тажыясына 10 кишиге жетпеген туугандары катышты. Ал апанын кыздарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дарыгерлер менен бирге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик”,- деген Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек Чыналиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн