Бештин айы 04, 2024
Убакыт: 13:50
USD
86.65
87.15
EUR
90.80
91.80
RUB
0.815
0.850

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

03.12.2024 15:18
33
Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Ала-Бука районунун Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынан мыйзамсыз чачыранды алтын казып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органдын маалыматына караганда, текшерүүдө Ала-Бука районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычынын кызмат адамдарынын өздөрүнүн милдеттерин так аткарбагындыгынын натыйжасында, аталган суу сактагычтын аймагынын жалпы аянты 2,6 га түзгөн 4 (төрт) участкасында жеке ишкер мыйзамсыз, өз алдынча чачынды алтын чайкоо жолу менен казып жатканы белгилүү болду.

Такталгандай, мындай мыйзамсыз аракеттерден улам жайыт жана сугат айдоо категориясындагы жерлердин кыртышы бузулуп, мамлекетке 29 млн 801 миң сомдук экологиялык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жерди бузуу) кылмыш ишин козгоду. Анын тергөөсү УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн