Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ала-Букада шектүүнүн үйүнөн 6 кг баңгизат, мыйзамсыз курал-жарак жана 130 миң сом акча табылды

16.06.2022 11:54
743
Ала-Букада шектүүнүн үйүнөн 6 кг баңгизат, мыйзамсыз курал-жарак жана 130 миң сом акча табылды

Ала-Бука милициясы шектүү делген жарандын үйүнөн наркотикалык зат жана мыйзамсыз ок атуучу курал алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


     Ала-Бука РИИБдин Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү тобунун опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Аксы районунун Ак-Жол айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.Н. турак-жайына кечиктиргис түрдө тинтүү жүргүзүп берүү жөнүндө билдирүү менен кайрылышкан. 


     Аталган билдирүү 16.05.2022-жылы Ала-Бука РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.  

     Жогорудагы дарек боюнча кечиктири

лгиз тинтүү жүргүзүү учурунда, М.Н.дин үйүнүн кампасынан бир канча пакетке бөлүнүп (1,2,3,4 деген номерлерди койуп салып койгон) өзгөчө ири өлчөмдө көк-жашыл түстөгү кескин жыты бар, аны менен бирге ак-сары түстөгү пакеттин ичинен ак түстөгү майда унга окшогон зат, ошондой эле мыйзамсыз сакталып турган сайлуу ок атуучу курал, ок-дарылар жана ири өлчөмдө (жүз отуз миң сом) акча табылып алынган. 

 

   Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. Андан сырткары тинтүү мезгилинде качууга үлгүргөн шектүү М.Н.ди кармоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.  


      Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунда 6 кг ашуун “Марихуана” наркотикалык заты экендиги аныкталган жана экспертизалдардын корутундуларына ылайык кылмыш иштери козголгон.


      Ала-Бука РИИБдин опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 14-июнь күнү шектүү М.Н. жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалган. 

Тергөөнүн жрүшүндө шектүүнүн баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалган. 

Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.  


         

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн