Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ала-Букада Өзбекстанга өткөрүлүп жаткан аткезчиликти токтотуу үчүн ок атылды

Ала-Букада Өзбекстанга өткөрүлүп жаткан аткезчиликти токтотуу үчүн ок атылды


Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылган аткезчилерди кармоодо курал колдонулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 14-ноябрда, Ала-Бука районунун Таза-Суу аймагында болгон. Ак-Дөбө айылынын 50гө жакын тургуну Өзбекстанга кой-эчкилерди мыйзамсыз түрдө айдап өтүүгө аракет кылган.


"Алар чек арачылардын токтогула деген талабына баш ийбей койгондуктан, эскертүү иретинде үч ирет асманга ок атылды. Өзбек тарапта аларды сүйлөшүп алган адамдар күтүп турган. Жерине Ала-Бука чек ара отрядынын командири менен райондук милициянын кызматкерлери келип түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Андан соң чогулган эл тарап кетти", — деп айтылат билдирүүдө.


Көп өтпөй ошол эле аймакта Hyundai-Porter автоунаасына 16 баш кой-эчки жүктөп, Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 27 жаштагы жараны кармалды.


Эки өлкөнүн чек арачылары тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда абал туруктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн