Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аламүдүн-1 жана Учкун жаңы конушунун тургундары “Эмгекти” колдой турганын билдирди

20.03.2021 15:26
2597
Аламүдүн-1 жана Учкун жаңы конушунун тургундары “Эмгекти” колдой турганын билдирди


 “Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Төрөгелди Узакбаев баштаган партиянын мүчөлөрү Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун жана Учкун жаңы конушунун тургундары менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө жашоочуларынын негизги көйгөйлөрү жол, коопсуздук жана сугат суунун жетишсиздиги экенин айтышты. Шайлоочулар ошондой эле аталган аймакта унаа токтотуучу жайлардын жетишсиз экенин белгилеп, бул маселесин да чечип берүүлөрүн суранышты.


Өз кезегинде Төрөгелди Узакбаев партиянын “Демилгелүү шаар” аттуу программасында жөө жүргүнчүлөр үчүн тратуарларды салуу, веложолдорду куруу, айлана чөйрөнү көрктөндүрүү, экологиялык коопсуздук жана шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу, жашылдандыруу ж.б. тармактардагы маселелерди чечүү жолдору камтылганын айтты. Ошондой эле талапкер “Эмгек” партиясы куру убадалардан алыс болуп, алдына амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи.


Биз сөз кылып жаткан иш-чараларды ишке ашырууга толук потенциалыбыз бар. Кыска мөөнөттүн ичинде Бишкек шаарыбызды өнүктүрүүнүн жана жашоого ыңгайлуу калаага айлантуунун жолун көрүп турабыз”, - деди Узакбаев.


Ошондой эле талапкер партиянын реалдуу, конкреттүү пландары бар экенин жана аны ишке ашырууга демилгелүү жаштар, тажрыйбалуу кесипкөй, эмгектин бардык баскычтарын басып, турмуштун ысык-суугун көргөн аткаруучулары бар экенин белгиледи.


11-апрелде өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен Бишкектин эртеңки тагдыры аныкталат. Ошондуктан урматтуу шайлоочулар ар бириңиздер добушунарга кайдыгер карабаңыздар. Бишкекти өнүгүшүн кааласаңыздар тааныш, туугун деген түшүнүктөн алыс болуп, куру убадаларга алданып калбаңыздар. Сиздер жаратман команданы тандоо менен бирге борбор шаарыбызды өнүктүрүүгө салым кошо аласыздар”,- деп кошумчалады талапкер.


Жолугушуунун соңунда шаардын тургундары партиянын программасын жылуу кабыл алып, “Эмгекти” чын жүрөктөрү менен колдой тургандарын айтышып, талапкерге ак баталарын беришти. Жашоочулар “Демилге. Эмгек. Натыйжа” деген ураандын алдында өнүккөн Бишкекти курууга болооруна толугу менен ынанышты.


***"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канат Ибраимов
Туура, колдойбуз