Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 12:56
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Аламүдүн базарында 16 жолу бычак сайылган аялдын абалы айтылды

18.07.2022 10:05
533
Аламүдүн базарында 16 жолу бычак сайылган аялдын абалы айтылды


Бишкекте жолдошунан 16 ирет бычак жеген аял тирүү калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалай Акматов билдирди.

Анын айтымында, бейтапка дароо операция жасалган.

“Аялга 16 жолу бычак сайылган. Бычактан бир колу кесилип кете жаздаган. Учурда анын абалы канааттандырарлык, дарылануусун улантууда”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 16-июлда 1984-жылы туулган М.Г. аттуу аял бычактан жараат алып, Улуттук хирургия борборуна түшкөн.

Шектүү катары кармалган 1973-жылы туулган Х.К. аттуу жаран жабырлануучунун жолдошу болуп чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн