Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүн "Кадастрынын" жетекчиси коррупция боюнча кармалды

03.04.2023 13:05
170
Аламүдүн "Кадастрынын" жетекчиси коррупция боюнча кармалды

Чүй облустук прокуратурасы тарабынан "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы жана жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, "Кадастр" МИнин Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы А.М.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча шектелүүдө.


Алсак, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан факты боюнча кылмыш иши козголгон.


Эске салсак, аталган кылмыш иштин алкагында үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Аламүдүн районунун акиминин орун басары, аталган комиссиянын төрагасы А.Б.Н. кармалган эле.


Учурда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн