Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

15.11.2021 10:36
426
Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 13-ноябрында УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды.  


 Тергөөчүлөр КРнын “Н.Д.” аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.


2021-жылдын 10-ноябрында тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен “Б.К.Н.” аттуу жарандын банк картасы аркылуу “Н.Д.” өкүлү “А.И.” жарандарынан 70 миң сом алышып, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү “Г.М.Ш.” жаран “Н.Д.”га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды.


Кармалган Чүй облусунун ИИББнын Аламүдүн РИББ тергөөчүлөрүнүн бири, “Г.М.Ш.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн