Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Аламүдүн районунда 17 жаштагы кызды кафе кызматкерлери топтолуп зордуктаганбы? (видео)

08.08.2022 17:10
2626
Аламүдүн районунда 17 жаштагы кызды  кафе кызматкерлери топтолуп зордуктаганбы? (видео)

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы “Алтын казына” тойканасынын эки кызматкери 17 жаштагы кызга уктатуучу дары берип, аны мейманканага алып барып зордукташкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.


Алардын айтымында, кечээ, 7-август күнү Аламүдүн РИИБине кылмышка шектүүлөр жеткирилген. Бирок, окуяга шектүү эки жаран экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин бошотулган. Алар аталган ресторандын кызматкерлери.


Ал эми биз маалыматты тактоо үчүн Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.


“Бул окуя боюнча кыз жана анын ата-энеси келип арыз жазып кетишти. Учурда медициналык экспертиза дайындалды. Азыр кылмыш тастыкталып же четке кагыла элек. Жыйынтыкты күтүп жатабыз. Эгер ал тастыкталса, кылмышка юридикалык баа берилет. Азырынча биз шектүүлөрдү кармоого юридикалык жактан укугубуз жок. Эгерде кылмыш тастыкталса анда сөзсүз түрдө чара көрүлөт”, – деп билдиришти облустук милициядан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн