Бугу 14, 2024
Убакыт: 16:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аламүдүн районунда 37 жаштагы аялды мууздап салган жаран кармалды

Аламүдүн районунда 37 жаштагы аялды мууздап салган жаран кармалды

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында бычактан алган жаракатынан 37 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милицияга 23-январда тез жардам унаасы келгенче алган жаракатынан улам каза болгон аял тууралуу маалымат түшкөн.


Аталган факты боюнча милициянын ыкчам иш-чарасынын алкагында кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалган.


Шектүү билдиргендей, маркум менен ал бирге жашап жүргөн. Алар ичимдик ичкенден кийин ортосунда чатак чыгып кеткен. Мындан улам ал аялды бычактаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн