Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүн районунда 3800 доллар жана зер буюмдарды уурдаган жаран кармалды

09.03.2022 11:28
390
Аламүдүн районунда 3800 доллар жана зер буюмдарды уурдаган жаран кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 2-февралында Аламүдүн РИИБине 1985-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылып, анда 2-февраль күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки убакыт аралыгында бирөөлөр үйүнүн терезесин сындырып кирип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.


Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камакка алынган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн