Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:22
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды

13.06.2022 11:43
911
Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-июнь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө, белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1987-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылгын. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-июнь күнү кечинде Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн жалпы суммасы 67 000 сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендигин билдирген.


Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш үчүн соттолгон, Өзгөн районунун пробация кызматында каттоодо турган 1999-жылы туулган М.А. атту жаран кармалган.

Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Арашан айылынын аймагында да бир катар уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталып, кылмыш жасаган учурда видео байкоо камерасына түшүп калганы такталган.

Учурда кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн