Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 00:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аламүдүн районунда биринчи жолу жеке мобилдик госпитал ачылды

23.07.2020 08:38
807
Аламүдүн районунда биринчи жолу жеке мобилдик госпитал ачылды


Аламүдүн районунун Ленин айылында Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде күндүзгү стационар катары иштей турган өлкөдө биринчи жеке мобилдик госпитал ачылды.

Республикалык штабдан маалымдашкандай, бул мобилдик госпитал жарандык коргонуунун бардык стандарттарына туура келет. Аны жайылтуу Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин консультациялык жардамы боюнча жүзөгө ашырылат. Мобилдик госпитал 50 орундук, 13 палатадан турат. Бул жакта дарыкана пункту да ачылган. Бул стационардын өзгөчөлүгү дары-дармектер, шприцтер, системалар, кычкылтек концентраттары, бет каптар, кол каптар, антисептиктер, таза суу, Wi-Fi жана башкалар акысыз берилет.


"Бул оорукана пенсионерлерге, жумушсуз калган жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштун оор кырдаалына кабылган жарандарга жардам берет. Ошондой эле дары алганга каражаты же дарыгерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүгү жок үйүндө жаткандар жардам берет. Дарыгерлер бардык керектүү каражаттар менен камсыз болушат: коргоочу костюмдар, респираторлор, коргоочу көз айнектер, кол каптар күнүгө берилет. Персоналды ысык тамак жана транспорт менен каржылайбыз. Айлык маяналар боюнча: дарыгерлерге – 30 000 сом, медайымдарга – 20 000 сом, санитардык кызматкерлерге – 15 000 сом төлөнүп берилет. Керек болгон учурда госпиталды бир күндүн ичинде республиканын каалаган регионуна көчүрүп баруу мүмкүн",- деп айтылат маалыматта. 

Мобилдик стационарды "Альфа-Карго" ЖЧК, «Региональная экспресс доставка» ААК жана «SilkWay logistic» ЖЧК компанияларынын тобу ачып, анын башында башкы директору Адилет Кубанычбеков турат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн