Бугу 01, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

10.02.2023 09:25
176
Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматы билдирет.


Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 7-февралында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө  Аламүдүн айылынын тургуну 1984-жылы туулган Р.С атту жаран кайрылып, 2006-жылы туулган А.А аттуу уулу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. 


Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Коомдук коопсуздук кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган А.А аттуу өспүрүм, Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунан табылып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн