Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 03:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Аламүдүн районунда телефон тоногон 18 жаштагы жаран кармалды

02.12.2022 11:34
325
Аламүдүн районунда телефон тоногон 18 жаштагы жаран кармалды

Аламудун районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

2022-жылдын 1-декабрында Аламүдүн РИИБне арыз менен 2001-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран кайрылган, арызында айланып өткөн жолунда белгисиз адамдар анын “Редми НОТ 11” 22000 сомду түзгөн уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырып кетишкенин билдирген.


Аталган факт Аламүдүн РИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 


Ошол эле күнү Аламүнүн РИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал 2004 жылы туулган А.О. экендиги такталып жана кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жарандын башка фактыларга тиешеси бар экендиги такталып жатат. 

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн