Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 03:33
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Аламүдүн районунда телефонду каракчылык менен тартып алган балдар кармалды

17.02.2022 13:39
421
Аламүдүн районунда телефонду каракчылык менен тартып алган балдар кармалды

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.



Аламүдүн районунун ИИБне 24 жаштагы жаран С.Т арыз менен кайрылып, ушул жылдын 15-февралына караган түнү жаңы конуштардын көчөлөрүнүн биринде ага карата күч колдонуп, “Редми” үлгүсүндөгү телефонун тартып алып белгисиз тарапка качып кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранган. 


Ушундай эле арыз менен райондук ички иштер бөлүмүнө ошол айылдын дагы бир тургуну 18 жаштагы А.К. кайрылып, ал дагы ушундай жагдайда телефонун белгисиз адамдар тартып алганын билдирген.


Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.


Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жасоого шектүү катары Чүй ОИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан аныкталып, райондук ички иштер бөлүмүнө 18 жаштагы К.Р, 17 жаштагы Б.С., А.А., 16 жаштагы Б.Э., К.Ы., С.Ф. алынып келинген.


Тергөө иштери уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн