Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын Эмгек жана эс алуу лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан социалдык инфраструктура объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагер мурда жеке жактар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган маалыматка ылайык, мурда Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Эмгек жана эс алуу лагерин 3,22 га жер тилкеси жана имараты менен бирге жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, менчик ээси социалдык объектиге өзүнүн мыйзамсыз негизде ээлик кылып пайдаланып келгендигин мойнуна алып, өз ыктыяры менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун А.Сыдыков айыл аймагынын балансына өткөрүп берди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн