Бугу 24, 2025
Убакыт: 02:31
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Аламүдүн районундагы мектептин 4 млн сомдон ашык жер тилкеси кайтарылды

28.02.2022 15:55
636
Аламүдүн районундагы мектептин 4 млн сомдон ашык жер тилкеси кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.


Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.


Прокурордук талаптын негизинде 4 млн 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн