Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 22:21
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Аламүдүндө 23 жаштагы жаран киши тоноого шектелип кармалды

30.05.2022 11:06
918
Аламүдүндө  23 жаштагы жаран киши тоноого шектелип кармалды


Аламүдүн  районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Үстүбүздөгү жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, 2022-жылдын 23-май күнү кечки саат 23:00дөр чамасында, белгисиз адам тарабынан күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.


Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. кармалган.


Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.


Учурда ал адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн