Бугу 16, 2024
Убакыт: 02:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аламүдүндө 21 жаштагы кызды сабап, унаасын тартып алган адам кармалды

25.08.2020 11:45
870
Аламүдүндө 21 жаштагы кызды сабап, унаасын тартып алган адам кармалды

 

Аламүдүн районунда 21 жаштагы аялды ур-токмокко алып, тоноп кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя 12-мартта орун алган. Анда Аламүдүн районунун Октябрь айылынын 21 жаштагы тургуну С.Г. аттуу аялды түндө белгисиз адам эч себепсиз ур-токмокко алып, 5500 сом акчасын жана  Деу Нексия үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып из жашырган.


Бул окуя боюнча издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалган.


Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн