Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:23
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Аламүдүндө 3 жаран 25 жаштагы жаранды сабап, телефон жана акчасын тоноп кеткен

Аламүдүндө 3 жаран 25 жаштагы жаранды сабап, телефон жана акчасын тоноп кеткен

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды. 


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 31-январында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1998-жылы туулган У.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Кайрылуусунда 31-январ күнү саат 7лер чамасында Лебединовка айылындагы үйүнүн жанынан белгисиз медициналык беткапчан адамдар ур-токмокко алып чөнтөгүндөгү Айфон-11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 40000 миң сом акча каражатын алып кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.


Аталган факт Аламүдү РИИБине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин негизинде (Каракчылык) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.  


Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган Д.М. жана 1998-жылы туулган Ө.О. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 


Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн