Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Аламүдүндө 30 жаштагы жаран аялдын телефонун жана акчасын тоноп кеткен

08.04.2022 10:09
456
Аламүдүндө 30 жаштагы жаран аялдын телефонун жана акчасын тоноп кеткен

Аламүдүндө милиция кызматкерлери аялды тоноого шектелген жергиликтүү тургунду кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин 52 жаштагы А.А аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2-апрелде саат 08:30дар чамасында Аламүдүн айылында белгисиз адам ага кол салып телефонун жана 5 миң сом акчасын жулуп алып качып кеткенин айткан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы О.А. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.


Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн