Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Аламүдүндө 35 жаштагы кишиден ыдык көргөн кыздын чоң атасы асынып каза болду

04.02.2022 11:19
1069
Аламүдүндө 35 жаштагы кишиден ыдык көргөн кыздын чоң атасы асынып каза болду

Чүйдүн Арашан айылында сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири билдирди.


Маалыматка ылайык, кыздын чоң атасы бул өкүнүчтүү кабарды уккандан кийин асынып алган. Үч күн мурун анын сөөгү жерге берилген. Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады.


"1958-жылы туулган О.Н. аттуу жаран сарайында асынган абалда туугандары тарабынан табылган. Ал болуп өткөн окуяларга тиешеси жок экендигин жана ал боюнча кечирим сурап, кат жазып таштаганы маалым болгон. Ал буга чейин Арашан айылындагы сексуалдык аракеттерге кабылган кыздын чоң атасы экендиги такталган. Учурда бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн