Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аламүдүндө 35 жаштагы жаран 10 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасап жүргөн

31.01.2022 13:39
1298
Аламүдүндө 35 жаштагы жаран 10 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасап жүргөн

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп 35 жаштагы агасы шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Милицияга 19-январда өспүрүм кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган. Ал милиция кызматкерлерине эки жыл мурун агасы эгин талаада ага карата сексуалдык аракеттерди жасагандыгын айткан.


Агасынын аты-жөнү такталып, ал А.А. аттуу 35 жаштагы адам экени такталган. Сурак учурунда ал андай окуя болбогондугун билдирген.

Ошондой эле аталган үйдө жашаган башка адамдар суракка алынып, алар дагы андай окуя болбогондугун айтышкан. Учурда кызга карата керектүү болгон бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн