Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:41
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Аламүдүндө аял кишини тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

05.06.2020 18:01
1004
Аламүдүндө аял кишини тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун аймагында болжол менен 35-40 жаштагы “Зуба” аттуу эркек киши тоноочулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу жана ок атуучу курал сакташы мүмкүн деген ыкчам маалымат алышкан.


Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин соттолуп, ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 43 жаштагы Ю.З. аттуу жаран экени аныкталган.


Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы жаран тергөө кызматына жеткирилип, тергөөдө ал аял кишини тоногондугун мойнуна алган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан кыскартылып жасалган ок атуучу курал алынган.


Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып,  анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн