Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 04:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Аламүдүндө айыл чарба жерин 8 миң долларга турак-жай үчүн деп саткан жаран кармалды

24.08.2022 15:36
791
Аламүдүндө айыл чарба жерин 8 миң долларга турак-жай үчүн деп саткан жаран кармалды



Алдамчылык окуясы боюнча шектүү Аламудун районунда кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.

 

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБнө арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, Б. жана С. аттуу аялдар 2021-жылдын 16-январь күнү Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында жайгашкан 8 сотых жер тилкесин, жеке турак жай салууга болот деп 8000 АКШ долларына баалап сатышканын билдирген. Кийин көрсө жер тилкеси айыл чарба багытындагы жер экен, там салууга уруксат жок экендиги такталган.  

Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. 


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1962-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.


 Тергөө уланып жатат.

Азыркы убакытта милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран, Чүй областынын аймагында окуяга окшош болгон кылмыштарга катыштыгы бар экендиги мүмкүндүгүн эске алып, жарандарга кайрылат. Эгер сиз А.Б. алдамчылык кыймыл аракетинен жабыркаган болсоңуз кийинки телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: Аламүдүн РИИБнүн нөөмөт бөлүмү 0312 36-35-27, 0312 36-35-23.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн