Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аламүдүндө башка бирөөнүн жер тилкесин 6 миң долларга сатып жиберген жаран кармалды

18.10.2022 12:09
280
Аламүдүндө башка бирөөнүн жер тилкесин 6 миң долларга сатып жиберген жаран кармалды



Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.


Аламүдүн РИИБке арыз менен К.М. аттуу жаран кайрылып, К.Ж. аттуу жаран 2022-жылдын 22-сентябрь күнү жасалма паспорт колдонуп башка бирөөгө тийешелүү болгон Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жайгашкан жер тилкесин 6000 АКШ долларга баалап сатканын айтып чара көрүүнү суранган. 


Аталган факт Аламүдүн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 


Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү болгон 1972 жылы туулган Э.Ж. жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн