Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:54
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Аламүдүндө бирөөнүн 40 миң долларлык жер тилкесин сатып жиберген жаран кармалды

25.05.2022 16:08
1075
Аламүдүндө бирөөнүн 40 миң долларлык жер тилкесин сатып жиберген жаран кармалды



Аламүдүн районунда алдамчылыка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 5-майында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Жыгач айылынын тургуну 1951-жылы туулган М.Н. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2020-жылы жана 2021-жылдын декабрь айларында өзүнө тийиштүү жерин сатканы жатканын угуп М.Ү. аттуу жаран келип, жерди 40000 АКШ долларына баалап алууну макулдашышып, алдоо жолу менен ишенимине кирип акчасын 2022-жылдын май айына чейин берерин айтып тил кат жазып бергенин айткан. Бирок, айтылган суммадагы акчаны бербей же жерин кайтарып бербей жүргөнүн айтып чара көрүүнү өтүнгөн. Ошол эле учурда М.Ү. атту жаран М.Н. атту жаранга тийиштүү жерди турак үйлөрдү курууга элдерге сатып жибергендигин кошумчалаган. 


Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.


Аламүдүн РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү М.Ү. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн