Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аламүдүндө курулуш каражаттарын ижарага алып кайтарбай койгон жаран кармалды

06.06.2022 15:40
694
Аламүдүндө курулуш каражаттарын ижарага алып кайтарбай койгон жаран кармалды



Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, Аламүдүн РИИБине Т.Т. атту жаран кайрылып,  2022-жылдын 8-апрелинде чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимине кирип 24 комплект курулуш каражатын ижарага алып,  качып жүргөн жаранга чара көрүү өтүнүчүн айткан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган С.А. бул кылмышка шектелип кармалган.

Учурда кылмышка шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын  мындан башка дагы бир катар алдамчылыктарга тиешеси бар экендигин аныкташып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн