Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аламүдүндө таанышынын мойнуна бычак сайып өлтүргөн жаран кармалды

Аламүдүндө таанышынын мойнуна бычак сайып өлтүргөн жаран кармалды

Аламүдүн районунда өзүнүн тааныш адамын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


         2022-жылдын 15-декабрында Аламүдүн РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө, Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын тургуну 1978-жылы туулган К.С. аттуу жарандын, бычактан жаракат алып каза болгон денеси табылгандыгы туралуу билдирүү түшкөн.

 

       Аталган факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинде көрсөтүлгөн (адам өлтүрүү) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

         Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан иизи суй электе жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары 1986-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалып, ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталган.

   

      Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

 Тергөө амалдары улантылууда.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн