Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүндө тиричилик буюмдарын уурдаган жаран кармалды

Аламүдүндө тиричилик буюмдарын уурдаган жаран кармалды



Аламүдүн районунда тиричилик буюмдарын  уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 5-октябрьдан 9-октябрга чейинки аралыкта, белгисиз адамдар Аламүдүн районунун Виноградное айылында үйлөрдүн бирине мыйзамсыз киришип, К.С. жарандын үй буюмдарын (муздаткыч, электр суу жылыткыч, килем, телевизор), жашыруун түрдө уурдап, окуя болгон жерден изин суутуп кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга материадык чыгым келтирилген.


Аталган факт Аламүдүн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 


Ошол эле 9-октябрь күнү Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандардын өздүгү такталып, 1983-жылы туулган Т.А. аттуу жаран аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Андан сырткары кармалган жаран Аламудун районундагы болгон бир нече уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги такталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн