Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

“Алай” Кыргызстандагы эң шарты начар клуб, - футболчу

16.06.2020 14:30
953
“Алай” Кыргызстандагы эң шарты начар клуб, - футболчу


Ош шаарынын “Алай” клубу Кыргызстандагы эң шарты начар команда. Бул тууралуу “Алай” командасынын атын атагысы келбеген мурдагы оюнчусу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


“Башка командаларга салыштырмалуу футболчуларга түзүлгөн шарт өтө начар болчу. Тамак-аш, жатакана жагынан кыйынчылыктар бар эле, Бишкекке оюндарга барганда башка командалар учак менен барса, бизди кичи автобустарга салып алып барчу. Андан сырткары да айлыктарды 15-20 күн кечиктирип, айрым оюнчуларга ар кандай айыптарды салуу менен кыскартылып берилчүү. Негизги курамда чыккан оюнчулардан бери жетекчилик көзөмөлдөп, алмашууга чыккан оюнчуну да жетекчилик айтып турчу. Башкы машыктыруучу эч нерсени чече алчуу эмес”, - деди футболчу.


Анын айтымында, команданын ичинде башаламандык көптөн бери эле пайда болгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн