Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Алай” футбол клубунун оюнчулары клубдун жетекчисин кызматтан алууну талап кылууда

16.06.2020 13:36
989
“Алай” футбол клубунун оюнчулары клубдун жетекчисин кызматтан алууну талап кылууда

 

Ош шаарынын мэрия тарабынан каржыланган “Алай” командасынын оюнчулары клубдун вице-президенти Сейит Аматовду кызматтан алууну талап кылышууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, футболчулар 3 айдан бери айлыктарын ала албай жатышат. Мындан улам эки күндөн бери мэриянын алдына чогулуп Таалайбек Сарыбашов менен жолугууну күтүп жатышат.


Футболчулардын айтымында, клубда эки жылдан бери баш аламандык орун алууда. Командага жетекчилик тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, ар кандай чектөөлөр бар экени айтылат.


“Бул нааразычылык айлыктын айынан эле чыгып жаткан жок. Баардык көйгөйлөр чогулуп калган. Былтыры, мурдагы жылы дагы ушундай нерселер болгон. Жетекчилик тарабынан айлыкты бербей, айып пул салып баш аламандыктар болуп келет. Азыр оюнчулар Алайдын вице-президенти Сейит Аматовго нааразы болуп, мэрге келишти. Мэр биз убагында акчаны бөлүп турганбыз деп айтып жатат. Клуб өнүгүшү үчүн жаңыланыш керек— деген оюнчулар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн