Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

“Алай” футбол клубунун оюнчулары командадан кетүү чечимин кабыл алды

16.06.2020 14:17
777
“Алай” футбол клубунун оюнчулары командадан кетүү чечимин кабыл алды


Ош шаарынын “Алай” командасынын оюнчулары клубдан кетүүнү чечти. Бул тууралуу команданын капитаны Одил Абдырахманов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, шаар мэри оюнчуларга абалды көзөмөлгө алууну убадалаган.


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге жолуктук, ал оюнчулардын айлыгы тууралуу эч нерсени билбесин айтып, абалды көзөмөлгө алууну убадалады. Бирок оюнчулар толугу менен командадан кетүү чечимин кабыл алдык”, - деди команданын капитаны.


Ал эми “Алай” клубунун жетекчиси Алмазбек Сулаймановго байланышканыбызда бошобой жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн