Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

“Алайдын” футболчуларынын маянасы качан берилери белгилүү болду

16.06.2020 15:18
910
“Алайдын” футболчуларынын маянасы качан берилери белгилүү болду


Ош шаарынын “Алай” клубунун ичиндеги нааразычылыкты аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, буга чейин жетекчилик тууралуу оюнчулардан ачык кайрылуу болгон эмес, күйөрмандар гана кайрылган. Учурда атайын комиссия түзүлгөн жана алар жетекчиликке болгон нааразычылыкты изилдегенден кийин, тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

 

“Ош шаарынын “Алай” клубу муниципиалдык команда болуп саналат. Футболчулар менен буга чейин мындай маселе болгон эмес. Беттештерге өз убагында катышып, чет өлкөдөгү машыгууларын да өз убагында өткөрүп келген. Бүгүн шаарыбыздын мэри Таалайбек Сарыбашов менен оюнчулар жолугуп, команданын айланасындагы маселелер талкууланды. Алар 2,5 айлык эмгек акысын алган эмес экен жана команданын жетекчилигине да нааразылыктарын билдирип, аларды кызматтан алууну өтүндү. Каражат маселеси жакынкы аралыкта чечилип бериле турган болду. Мындан сырткары жаткан жерлери да оңдолуп, шарттар түзүлөт”, - деди Абсаттаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн