Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Алай райондук Ички иштер бөлүмүнө жаңы көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

12.04.2022 17:20
694
Алай райондук Ички иштер бөлүмүнө жаңы көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

Алай райондук Ички иштер бөлүмүнө жаңы көчмө кабылдама унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 12-апрелинде Алай райондук Ички иштер бөлүмүнө Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан “Газ 2217 “Соболь” үлгүсүндөгү автоунаа берилди.


Аталган иш-чарага мобилдүү унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов, Алай районунун акими Каныбек Апбасов, Алай райондук ЕККУнун төрайымы Максат Нурматова, Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары Талантбек Шатманов, Алай РИИБнин өздүк курамы жана мекеме-ишканалардын башчылары катышышты.


Алай району алыскы тоолу аймактарды кыдырып тейлегенине байланыштуу эми жарандардын көйгөйлөрүн барып угууга жакшы жардам болот.


Милициянын көчмө кабылдама унаасы алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калкты кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузуулардын алдын алууда өз натыйжаларын корсөтүүдө.


Алай РИИБнин жетекчилиги колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышын чындоо жана алыскы аймактарга чыгып, калктын койгөй жараткан маселелерин жеринде чечүү максатында иш алып барууну белгиледи. 


Ош облусунун аймагында 8 милициянын көчмө кабылдама унаасы ишмердүүлүгүн жүргүзөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн