Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алай районунун бюджетинде 6,6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

26.09.2023 16:11
340
Алай районунун бюджетинде 6,6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды


Алай районунун жергиликтүү бюджетинде 6,6 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алай районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021- 2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгы, Алай районунун айыл өкмөттөрү, райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 6 млн 687,5 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 5 млн 962,0 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 3 млн 664,7 миң сом, ордуна коюлбаганы 2 млн 297,3 миң сомду туздү: Бузуулардын классификатору төмөндөгүдөй:

- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы жана өз учурунда төлөнүшү, туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү чараларын көрүлбөшү 161,8 миң сомду түзгөн, аудит учурунда 159 миң сом ордуна коюлган, ордуна коюлбаганы 2,8 миң сом;

- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 20,6 миң сом, ордуна коюлду;

- курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы 1576,9 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;

- муниципалдык кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар 235,2 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (ишкана мекемелер менен коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча (тазалык) келишимдер түзүлбөстөн кызмат көрсөтүлгөндүктөн кирешелер түшпөй калган);

- товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 127,5 миң сом, анын ичинен 41,6 миң сому ордуна коюлууга жатат, ордуна коюлган жок;

- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар 459,2 миң сом, андан ордуна коюлууга тийиш болгон сумма 54,8 миң сом, 53,8 миң сом ордуна коюлган;

- негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 235,4 миң сом, аудит учурунда мекемеге толук калыбына келтирилди;

- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы 17,9 миң сом, мекемеге калыбына келтирилди;

- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу 17,7 миң сом, ордуна коюлду;

- дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу 3835,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 3160,3 миң сому мекеменин эсебине калыбына келтирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн