Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Алай жана Кара-Кулжада муктаж үй-бүлөлөргө Улан Примовдун атынан жардам көрсөтүлдү

08.02.2022 15:20
654
Алай жана Кара-Кулжада муктаж үй-бүлөлөргө Улан Примовдун атынан жардам көрсөтүлдү



Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примовдун демилгеси менен Примов фондунун демөөрчүлүгү аркылуу жыл сайын аз камсыз үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз көмүр таратуу салтка айланган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Быйыл Кара-Кулжа районунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 250 тонна көмүр таркатылып, Алай районундагы айылдарга да көмүр берилди.


Айрыкча, климаттык шарты катаал, жылдын 6-7 айы кыш болгон Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарына 100-150 тоннадан көмүр берилип, жардам алган жашоо-турмушу оор жарандар депутатка ыраазычылыгын билдиришти.  


Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да ар тараптуу жардам көрсөтүп, азык-түлүк жана дары-дармек түрүндө да колдоо кылып келет.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн