Бүгүн Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө.
"Кабар" агенттигине “Алымбек датка” коомдук фондунун төрагасы, датканын урпагы Абдылдабек Эгембердиев маалымдагандай, иш-чаранын алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык айтыш болот. Байге фонду – 600 миң сом. Жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат.
Ошондой эле мааракеде улуттук оюндар боюнча мелдештер жана гала-концерт өтөт.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн